ВТ, 3 июня 01:16
6°C Чаткал
USD: 87.45 EUR: 99.04 CNY: 12.15 KZT: 0.17 RUB: 1.12

Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылды

  • 11:11, 28 мая 2025
  • 109

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев Чаткал районуна иш сапары менен келип, бир катар социалдык объектилерди кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү.

Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев жана район акими Алтынбек Сеңирбаев башында турган делегация Каныш-Кыя айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбордо, Жаңы-Базар, Терек-Сай жана Сумсар айылдарындагы аймактык ооруканаларда ачылган заманбап стоматологиялык кабинеттердин расмий ачылыш аземине катышышты.

Бул кабинеттер заманбап кореялык жабдуулар менен жабдылып, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө багытталган.

“Райондун калкы көп болбосо да, төрт стоматологиялык кабинетти гранттык негизде алып берип жатабыз. Бул иштердин бардыгы элибиздин саламаттыгы жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жүргүзүлүп жатат”, – деди Алайбек Алымбаев.

Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылды Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылды Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылды Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылды Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылды Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылды Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылды Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылды Заманбап стоматологиялык жабдуулар тапшырылдыАлайбек Алымбаевдин Чаткалга болгон иш сапары жергиликтүү элдин терең ыраазычылыгына ээ болуп, билим берүү, саламаттык сактоо жана жол куруу тармактарында маанилүү жылыштардын болгондугун дагы бир жолу тастыктады.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!