ПТ, 6 июня 09:34
16.5°C Чаткал
USD: 87.45 EUR: 99.82 CNY: 12.17 KZT: 0.17 RUB: 1.1

Кене энцефалит оорусунан сактаналы

  • 16:06, 3 июн 2025
  • 16

Кене энцефалит оорусу менен ооруп калган адамда кандай белгилер байкалат?

Адамды кене чаккандан кийин, эгерде ошол чаккан кене вирусту алып жүргөн болсо 7 — 14 күндүн ичинде баштын катуу оорусу, дене табынын 38-390С га чейин тез көтөрүлүп кетүүсү, кусуусу менен мүнөздөлөт. Андан сырткары моюн, арка, ийин булчуңдарынын ооругандары байкалат.
Эгерде кээ бир райондордо кенелердин түрүн аныктоочу кызмат болбосо, жабыркаган адам аймактык врачына кайрылып 7 күндөн бир айга чейин көзөмөлдөнүп туруусу керек, ушул убакыт ичинде адамдын температурасы жогорулап, башы ооруп, алсырап, кускусу келсе тез аранын ичинде дарыгерге кайрылуусу зарыл. Эгерде  адамда жогоруда аталган белгилер байкалса,  тез арада медициналык жардамга кайрылуусу зарыл, анткени жогоруда белгилегендей мээ жабыркап параличке алып келүүсүн эстен чыгарбоо керек.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!