СБ, 6 декабря 09:27
-14.1°C Чаткал
USD: 87.45 EUR: 101.9 CNY: 12.36 KZT: 0.17 RUB: 1.14

Гепатит-боордун сезгенишинен улам пайда болгон оору

  • 11:51, 2 сен 2025
  • 49

Гепатит – бул боордун сезгениши. Анын бир нече түрү бар. “Гемоконтакттык гепатит” дегенде кан аркылуу жугуучу түрлөрү (В, С, D) айтылат.


Гепатит кандай жугат?

Кан аркылуу (стерилдүү эмес ийне, тиш дарылоо шаймандары, кан куюу);

Кир шаймандар аркылуу (тырнак, каш жасоо шаймандары, татуировка жасоо);

Жыныстык жол менен;

Энеден балага кош бойлуулук жана төрөт маалында.


Белгилери кандай болот?

Гепатит көбүнчө узак убакытка чейин билинбей жүрөт. Бирок кээде төмөнкү белгилер чыгышы мүмкүн:

Чарчоо, алсыздык;

Тамакка табиттин жоголушу;

Кусуу, жүрөк айлануу;

Ичтин оң жагынын оорушу;

Теринин жана көздүн саргаюусу.


Коркунучу эмнеде?

Боор циррозуна алып келет;

Боордун рагын пайда кылышы мүмкүн;

Өмүргө коркунуч туудурган ооруларды чыгарат.


Кантип сактанса болот?

Таза жана бир жолу колдонулуучу ийне, инструменттерди колдонуу;

Жеке гигиенаны сактоо (сөөк казык, тиш щетка, кыргыч шаймандарды бөлүшпөө);

Коопсуз жыныстык мамиле (презерватив колдонуу);

Гепатит Вге каршы вакцина алуу;

Колду дайыма самындап жууп жүрүү.


Эсиңизде болсун!

Гепатит – дарыланбаса оор жана коркунучтуу дарт. Бирок аны алдын алса болот. Ар дайым таза шайман колдонуп, жеке гигиенага көңүл буруп, вакцина алуу менен өзүңүздү жана жакындарыңызды сактай аласыз.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!