СБ, 6 декабря 09:25
-14.1°C Чаткал
USD: 87.45 EUR: 101.9 CNY: 12.36 KZT: 0.17 RUB: 1.14

Бруцеллез-малдан адамга жугуучу оору

  • 11:49, 2 сен 2025
  • 60

Бруцеллёз – малдан адамга жугучу бактериялык оору. Бул дарт көбүнчө уйдан, эчкиден, койдон жана чочкодон жугат. Биздин аймакта да акыркы кезде бул оору көп кездеше баштады.


Оору кандай жугат?

Жакшы кайнатылбаган же пастерленбеген сүт жана сүттөн жасалган азыктарды колдонгондо;

Ооруган малды багууда, сааганда, туут учурунда;

Малдын каны, органдары менен иштегенде (ветврач, мал союучу жайларда).


Белгилери

Тез чарчоо, алсыздык;

Тердеп, калтырап, дене табы көтөрүлөт;

Булчуң жана муундар ооруйт;

Узак убакыт дарыланбаса, өнөкөт түргө өтүп, адамдын эмгекке жарамдуулугу төмөндөйт.


Коркунучу эмнеде?

Оору узакка созулуп, адамды кыйнайт;

Муундагы, сөөктөгү ооруларга алып келет;

Бойдон түшүү жана балалуу болуудагы көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.


Алдын алуу жолдору

Сүттү сөзсүз кайнатуу, кайнатылбаган айран, сыр, курут жебөө;

Малдарды убагында вакцина кылдыруу жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү;

Мал багууда, союуда колкап, атайын кийим кийүү;

Ооруган малдын этин жана сүтүн колдонбоо.


Жыйынтык

Бруцеллёз – малдан жугуп, адамды узак убакыт ооруткан дарт. Бирок аны алдын алуу оңой: сүттү кайнатуу, малды вакцина кылуу жана санитардык эрежелерди сактоо менен өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү коргой аласыз.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!